http://ktrk.kg/Россия аймагынан чыгып, кайра кирүүдө кандай документтер керектелет?

Россия аймагынан чыгып, кайра кирүүдө кандай документтер керектелет?

28 Июнь , 12:43 511

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Күн сайын Кыргызстандын Москва шаарындагы консулдук кызматына кайрылгандардын саны үзүлбөйт. Кимдир бирөөнүн паспортунун жарак мөөнөтү аяктап калган болсо, дагы бири таптакыр жоготуп алгандар. Бул жерге кайрылгандардын басымдуу бөлүгү жаш балдары менен келгендер. Жай, эмгек өргүү мезгилинде ата-энелер балдары менен чогуу мекенине барып, кайтып келүүдө кандай документтер керектелет? 

Москвадагы кыргыз консулдугунда күнүгө иш саат 9да башталат. Бирок, кезекке тургандар бир саат мурда эле чогулат. Ымыркайлары менен келгендер көп. Билет сатып алып, аба майданга барганда гана, жаш балдарга да паспорт керек экенин билген учурлар аз эмес. Анан дагы ата же апасы балдары менен өлкөдөн чыгууда, сөзсүз атасынын же апасынын макулдугун айгинелеген нотариалдык күбөлөндүргөн ишеним каты талап кылынат.

Ушул жылдын январь айынан тартып, өлкөдөн чыгууда жаңы төрөлгөн ымыркайга дагы жалпы жарандык паспорт жасатуу шарты киргизилген. Ымыркайлардын өң-келбети өзгөрүп тургандыгын эске алып, 16 жашка чейинки балдарга үч жылга берилет. Буга чейин, жаш балдарды алып чыгуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ичине кошумча тиркеме берилчү.

Эрмек Эркинбек уулу келинчеги менен жарандык никеде жашайт. Алар бул жерден уулдуу болушкан. Жай айы, эмгек өргүү мезгилинде айылына барып келсекпи деп турушат. Кыргызстанда Эрмек баласына паспорт алуусу керек, антпесе кайра кайтып келатканда аэропорттон баласын өткөзбөй койушу мүмкүн.

Консулдук кызмат күнүнө 300дөй адамга тейлөө көрсөтүп жетишет. Жарак мөөнөтү аяктаган паспорттор дагы ушул жерден алмаштырылат. Документин жоготуп кайрылгандар да жок эмес. 18 жаштагы Эмир Мамаев Москвада бармен болуп иштейт. Ал жалпы жарандык паспорт жасатуу үчүн келген.

Евразиялык Экономикалык Биримдике кошулгандан кийин консулдук кызматка кайрылгандардын саны көбөйгөн. Кезек күткөндөр айрым учурда көчөгө чейин чыгып кетет. Бүгүнкү күндө консулдук кызматта 7 адис жарандарга кызмат көрсөтүүдө. Кызматкерлердин санын 10 кишиге көбөйтүү пландалып жатат. Бул үчун кошумча жабдыктар сатылып алынып, кеңсе да даярдалып, кошумча штат маселесин чечүү гана калган.

Россияда иштеп, окуп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңге жакын. Аларга Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Красноярск жана Владивосток шаарларындагы консулдук кызматтарда тейлөө көрсөтүлөт. Бул сан албетте аз, бирок кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, Сахалин, Иркутск, Якутск, Сургут шаарларында да консулдук кызмат ачуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мигранттар өз кезегинде көрсөтүлгөн кызматтардын тез, ишенимдүү жана эффективдүү болушуна муктаж.




Новости по дате