http://ktrk.kg/Кыргызстан туристтердин көзү менен

Кыргызстан туристтердин көзү менен

28 Июнь , 11:21 653

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нидерланддык фотограф Альберт Дрос Кыргызстандын укмуштуудай сүрөттөрүн өзүнүн жеке сайтына жарыялады. 

"Кыргызстанга биринчи жолу барганда, көп жерлерди көргөнгө үлгүрбөй калган элем. Экинчи ирет Ысык-Көлдүн түштүк жээгине бардым. Бул жолу республиканын түштүгүн көрүүнү чечтим", - деп ал өзүнүн сайтында жазган. 

Ал сүрөттөрүн "Кыргызстан - түштүктүн көркү" деген аталышта кошкон. Сүрөтчү бул жолку сапарында Ош облусундагы Ленин чокусуна, Жалал-Абаддагы Арсланбап жана Сары-Челекке барган. 

Андан сырткары, Бишкектин да суктандырган сүрөттөрү бар. Альберт Дростун эмгектери National Geographic, Time жана The Daily Mail сыяктуу абройлуу басылмаларга арналат.


Новости по дате