http://ktrk.kg/Өзгөндө ташты кайра иштеткен цех ишке кирди

Өзгөндө ташты кайра иштеткен цех ишке кирди

28 Июнь , 14:01 360

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөндө ташты кайра иштеткен цех ишке кирди. Мында травертин аталышындагы сары таш иштетилет. Жайдын ээси буга чейин мындай чакан заводдон экөөнү иштетип келгенин айтат. Үчүнчү ишкананы түптөө үчүн ишкер Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 380 миң доллар насыя алган. 

Натыйжада, аймакта кошумча 10 жумуш оруну түзүлдү. Травертин ташы Өзбекстан, Казакстан мамлекеттерине экспорттолот. 3 ишканадан суткасына 1000 чарчы метр продукция даярдалат. Керектелүүчү сырьё райондун Жалпак-Таш аймагынан ташылып келинет. Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда травертин ташын кайра иштеткен 10дой ишкана бар.

"Бизде баары онлайн режиминде иштейт. Салыкты өз учурунда төлөп турабыз. Сатууда маселе жок",- деди ишкер Таалайбек Акматалиева.

Новости по дате