http://ktrk.kg/Өкмөт башчы БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушту

Өкмөт башчы БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушту

28 Июнь , 16:24 505

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен анын миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы ЮНИСЕФ ишмердүүлүгүнүн балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, энелердин жана перинаталдык саламаттыкты сактоого жана балдардын өлүмүн кыскартууга багытталган өлкөлүк программаларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Премьер-министр Юкиэ Мокуого жемиштүү ишмердүүлүгү, эне жана балага вакцина саюу жана витаминдештирүү, билим берүүнүн балдарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, зомбулуктан жана басмырлоодон коргоо боюнча кызматташтык программаларын ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясын ратификациялоосун эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен камсыздоо боюнча мамлекеттин демилгелерин колдоосу үчүн ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнө ыраазычылык айтты. 

Өз кезегинде Юкиэ Мокуо белгилегендей, Кыргыз Республикасы 5 жашка чейинки балдардын өлүмүн кыскартууда прогресске жетишти. Эрте курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгү эки эсе өстү жана дээрлик 40% балдар бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн алышты. Өлкөдөгү дээрлик бардык балдар баштапкы мектепте окушат. Булар маанилүү жетишкендиктер экендигин белгилеп, эрте куракта балдардын өнүгүүсүнө жана бакубатчылыгына инвестиция салуунун маанисин баса көрсөттү. Ошону менен бирге жолугушууда балдарга зомбулук көрсөтүүгө жол бербөө боюнча биргелешкен чаралар маселелери талкууланды.

Новости по дате