http://ktrk.kg/КТРКда "Аккордеон сыздайт" жана "Шайыр апалар" долбоорлоруна сынак өтүүдө

КТРКда "Аккордеон сыздайт" жана "Шайыр апалар" долбоорлоруна сынак өтүүдө

28 Июнь , 23:53 2049

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кимде-ким кыякты мыкты тартып, жакшы ырдаса КТРКнын "Аккордеон сыздайт" долбоорунун сынагына катышса болот. Азыркы тапта Маданият.Тарых.Тил. каналынын жана башкы директор Жайнак Үсөн уулунун демилгеси менен эл арасындагы таланттарды колдоо максатында "Аккордеон сыздайт" жана "Шайыр апалар" теледолбооруна конкурс өтүүдө. 

Өтүп жаткан сынакка өлкөнүн жети дубанынан 70ке жакын кыякчы катышууда. Алардын жаш курагы чектелген эмес. Жаш таланттардан тартып 70 жашка чейинки элдик таланттардын баары катышса болот.

Жер-жерлерден келген аккордеончуларды калыстар тобу иргеп мыктылар, орточолор жана начарлар деп топ-топторго бөлүштүрүүдө. Тандалган татыктуулардын таланттарына бир жыл аралыгында кыякчылардын жарышына көрүүчүлөр күбө болушат. 

“Аккордеон сыздайт” долбоорунун максаты - кыякты кыйын ойногон таланттарды эл арасынан сууруп чыгып калкка жайылтуу болсо, “Шайыр апалардыкы” журт арасындагы таланттуу шайыр апаларге дем берип, колдоо максатын көздөйт.

"Эки жуманын ичинде эки чоң сынак өткөрдүк.Биринчиси "Шайыр апалардын 4-айлампасы. 45 топ катышты 7 облустан 480 апа катышып, топторду тандап алдык. Ал эми бул долбоорго да көп таланттар катышууда. Элибизде аккордеон эң популярдуу инструмент. Жаңы долбоордун алкагында сынак өтүүдө", - деп билдирди "Маданият Тарых Тил" каналынын продюсери Назира Аалы кызы.

Элет жериндеги катылган таланттарды коомчулукка таанытууну максат кылган долбоорлор көп болуп, жөнөкөй элге пайдасын тийгизе берсин,- деген каалоо-тилектер аймактардан келген таланттар тарабынан айтылды.


Новости по дате