http://ktrk.kg/Бир учурдагы даңазалуу ВДНХнын азыркы абалы кандай?

Бир учурдагы даңазалуу ВДНХнын азыркы абалы кандай?

28 Июнь , 23:41 433

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы менен "Борбор Азиялык корпорация" Жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда талаш күчөдү. 

Мамлекеттик мекеме жеке ишкананы 22 жыл мурда түзүлгөн келишимди аткарган жок, берилген мүлктү өздөштүрүүнүн ордуна кейиштүү абалга кептеди деп айыптоодо. Ал эми чет элдик ишкердин компаниясы тиешелүү жумуштарды аткарууга тоскоолдуктар болгонун билдирип жатат.

“Келишимдерди аткарышкан эмес. Ал жерден биз эч кандай пайда көргөн эмеспиз. Азыркы учурда бизге инвесторлор келип, жогорку СЭЗден жок дегенде 5 сотых бергилечи деп сурап жатышат. Ал жакта бере турган жер тилкеси жок. Ошол эле учурда 17 гектар жер иштетилбей, жөн эле жатат”, - деп билдирет “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Мирадил Бакашов.

Сөз болуп жаткан жерге баш багып, бир учурдагы даңазалуу ВДНХны өзүбүз да көрдүк. Мурда эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү өткөрүлгөн жайда азыр абал таптакыр башкача.

Жерди ижарага алган тарап, тарыхый-архитектуралык жайдын келбетин сактоого, айлана чөйрөнү көрктөндүрүүгө да милдеттүү болгон. Бирок тескерисинче бактар кыйылып, имарат да кейиштүү абалга кептелген.

17 гектар аянттын бир бөлүгүндө “Фламинго” паркы менен Азия банкын гана көрүүгө болот. Мурдагы ВДНХнын айланасындагы “Бишкек” эркин экономикалык аймагына таандык жерлердин жалпы аянты 43 гектардан ашат. Башка ижарачы ишкерлер жыл сайын казынага 100 миллион сомдон ашык каражат төксө, Борбор Азиялык Корпорациядан киреше алынбай жатканы белгиленди.

Борбор калаанын эң маанилүү да, майлуу да жеринде, болгондо да мамлекеттик резиденцияга жанаша жайгашкан ири аймакты ижарага алган ишкер менен байланышууга аракет кылдык.

Ал башкарган компания кореялык ишкер учурда чет өлкөдө экенин билдирди. Биздин бир нече суроолорубузга өзүлөрү эмес, эмнегедир эл аралык ишкерлер кеңешинин жооп беришин туура көрдү.

“Компания кыш жана бетон чыгаруучу заводдорду куруу милдеттерин да алган. Бул толук аткарылды. Аталган объекттер “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкаруусуна өткөрүп берилди. Тилекке каршы келишимде каралган башка иштерди жасоого тоскоолдуктар жаралып жатат. Алардын бири катары мыйзамдардын тез өзгөрүп жатышын айтсак болот. Компания ушул убакытка чейин инвестиция салуунун ордуна өз укугун коргош үчүн каражат сарптоого аргасыз болуп келди. Келечекте берилген аймакты көрктөндүрүү планы бар. Ал эми келишимде каралган башка объекттерди өнөктөш инвестор таап куруу максат кылынып жатат”, - деп билдирди Эл аралык ишкерлер кеңешинин эксперти Дастан Иманалиев.

Бирок, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы инвестор катары келген тараптын кайра “инвестиция издейбиз” деген жообуна түшүнбөй турат.

Мекеменин жетекчилиги 22 жылдан бери келишимди аткарбаган компанияны ортомчу кылбай, татыктуу ишкерди өзүбүз таап алабыз деп ишендирүүдө. Ал эми жогоруда айтылган эки завод аталган компания мурдагы ижара акыларын төлөбөгөнү үчүн алынганын билдирүүдө. Соңку эки жарым жылда болсо карыздары кайра чогулганын айтып жатат.

Ал эми “Борбор Азиялык корпорация” жабык акционердик коому тескерисинче “Бишкек” эркин экономикалык аймагын карыз деп эсептейт. Бирок аласасынын көлөмүн сурап, так жооп ала алган жокпуз. “Бир нече миллион сом” деп чектелишти. 

Эркин экономикалык аймак акчалай жана товардык насыяларды алуудан улам мурда карыз болгонун жашырбайт. Соода өнөр-жай палатасынын арбитражы мекемени аталган компанияга 50 000 доллар төлөп берүүгө милдеттендиргенден кийин көп өтпөй эле соттун чечими толук аткарылганын билдирүүдө. 

Борбор Азиялык корпорация аласасын кайра эле ошол арбитраж аркылуу кайталап өндүрүүнү максат кылса, Эркин экономикалык аймак карызга байланыштуу өз чындыгын Бишкектин райондор аралык сотунда издеп жатат. 

Маселеге фемида өкүлдөрү качан чекит коёру айтыла элек.


Новости по дате