http://ktrk.kg/Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өттү

Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өттү

30 Июнь , 22:04 1942

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул аптада Бишкекте Бешинчи дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өттү. Көз карандысыз шериктештигине кирген мамлекеттерден 60ка жакын илимпоздор чогулуп, элдердин маданий мурастарын коргоо маселесин талкуулашып, сипозиум өткөрүлдү. 

Ал эми иш-чаранын маданий бөлүгүндө көчмөн элдердин кийм көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө жарманкеси өтүп, “Эң мыкты кыргыз боз үйү”, “Көчмөндүн стили”, “Мыкты манасчы”, жана “Мыкта дастанчы” наамдары боюнча сынактар уюштурулду. 

Фестиваль 2006-жылдан бери ар үч жыл сайын Бишкекте өтүп келет. Негизги максаты дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын коргоо жана жайылтуу. Фестивалдын катышуучулары ар бир элге алардын ата бабалары тарабынан керилген белеги- алардын маданий мурасы.


Новости по дате