http://ktrk.kg/Иркутск облусунда суу ташкындан беш киши каза болду

Иркутск облусунда суу ташкындан беш киши каза болду

1 Июль , 11:32 7013

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Иркутск облусунда суу ташкындан беш киши каза болуп, бир нече адамдын дайыны табыла элек. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты. 

Расмий маалымат боюнча 351 адам ар кандай жаракат алган, алардын 33ү балдар экени айтылууда. 97 киши ооруканага жаткырылган. Бир нече күн тынбай жааган нөшөрдөн улам жергиликтүү дарыяларда суу нугунан чыгып кеткен. Табият кырсыгынан улам аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.


Новости по дате