http://ktrk.kg/Улуттук академиялык опера жана балет театрында театралдык сезон жабылды

Улуттук академиялык опера жана балет театрында театралдык сезон жабылды

1 Июль , 10:14 4793

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 76-театралдык сезону жабылып, жыйынтыктоочу гала-концерти болуп өттү. Анда опера жана балет театрынын искусство чеберлери дүйнөлүк, европалык, орус жана улуттук классика чыгармаларын аткарышты. 

Белгилей кетсек, 1-июлдан баштап чыгармачыл жамаат эмгек эргүүсүнө чыгышты, учурда театрда ремонт иштери жүрүп жатат. Театр эми өз көрүүчүлөргө эшигин сентябрь айында ачмакчы.

“Бир топ сырттан келген гастролерлордун концерттери болду. Дүйнөгө атагы чыккан көп ырчылар, дрижерлор, балеттин бийчилери катышкан иш-чаралар көп болду. Акыркы жылдары биздин теарда дайым ушундай аншлаг, бүгүнкү күндөгүдөй. Айрыкча чет элден келген коноктор көп келип атат. Ошон үчүн албетте, ырчылардын, биздин чыгармачыл элдердин жоопкерчилиги абадан бийик болуш керек”,-дейт А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов. 

Новости по дате