http://ktrk.kg/"ШКУ-2019" эл аралык марафонунун салтанаттуу ачылышы болду

"ШКУ-2019" эл аралык марафонунун салтанаттуу ачылышы болду

1 Июль , 11:17 532

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдын Куньмин шаарында "ШКУ-2019" эл аралык марафонунун салтанаттуу ачылышы болду. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы билдиргендей, иш-чарага ШКУнун баш катчысы Владимир Норов, провинциянын вице-губернатору Юньнань Ли Малин, Куньмин шаарынын вице-мэри Ху Баого жана жөө күлүктөр катышты. 

Ачылыш аземинин алкагында мурдагы марафондордун эсте калган көз ирмемдери чагылдырылган сүрөт көргөзмө өттү. Владимир Норов Ысык-Көлдүн жээгинде болгон марафон тууралуу өзгөчө баса белгиледи. 

"Быйыл марафонду Кыргызстан Азиянын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде алгач ирет өткөрдү. Бул жарышта 27 өлкөнүн жөө күлүктөрү чуркады. Марафонду өткөрүү ШКУга мүчө мамлекеттердин кызыгуусун арттырып жаткандыгынын далили", - деди башкы катчы. 

Жыйынтыгында, Норов эл аралык марафондун желегин Куньмин шаарынын вице-мэри Ху Баогого тапшырды.

Новости по дате