http://ktrk.kg/“Элим, барсынбы?!”: кичинекей Рамзанга жардамыңыздарды аябаңыздар

“Элим, барсынбы?!”: кичинекей Рамзанга жардамыңыздарды аябаңыздар

1 Июль , 23:34 7151

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Оюндан от чыгып, сопсоо турган сол көзүнөн ажыраган 9 жаштагы Рамзандын балалыгы оору менен алпурушуп өтүүдө. 

Аны көрүп ата-энеси да кыйналып жаткандыктарын айтышат. 10 чыкпай эки операцияны башынан өткөрдү. Эми үзүлбөгөн үмүт менен 3-үн Стамбулдан жасаталы деп турушат.

Рамзандын дарылануусуна 13 000доллар керек.

Калың элдин арасынан кайрымдуулар чыгып, жардам кылаар деген илгери үмүтүбүз бар. Жакшылык кылгандарга эки эсе өздөрүнө кайтсын жана балам айыгып кетсе экен деп күнү-түнү Кудайдан тилеп жатам дейт кош бойлуу эне.

Ооруга эч ким кепилдик бере албайт. Ар бир адамдын башында бар, андыктан кол сунуп жардам берип, Рамзандын өмүрүн узарталы деп чакырат “Элим, барсынбы?!” кайрымдуулук фондунун кызматкерлери.

Ал эми бөйрөк шишигинин үчүнчү даражасы менен жабыркаган Медер Жолдошбековдун операциясына 30 000 доллар керектелет. 

Ага аталган кайрымдуулук фондунун көмөгү менен кайрымдуу элден 20 000 сом чогулган. Ал каражат наристенин апасынын колуна тапшырылды.

Ден соолугу начар, жардамга муктаж жарандарыбызга кайдыгер болбой, ар бирибиз жардам берүүгө аракет кылалы. 

Мүмкүнчүлүгүңүздөргө жараша “Элим, барсыңбы?!” кайрымдуулук фонду тарабынан ачылган “Элсом” капчыгына 0772002015 номуру аркылуу акча каражатын которсоңуздар болот.


Новости по дате