http://ktrk.kg/ “Коопсуз шаар” долбоору өкмөт башчынын көзөмөлүндө

“Коопсуз шаар” долбоору өкмөт башчынын көзөмөлүндө

2 Июль , 11:53 2788

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруу багытында автосүйүүчүлөр көтөргөн жана техникалык кемчиликтерге байланыштуу маселелер талкууланды. Өкмөт башчысы жарандардын жигердүү көз карашына ыраазычылык билдирди. 

Буга байланыштуу өкмөт башчы туура эмес орнотулган жол белгилерин жана жолдогу кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди. Жоопкерчиликсиз кызматкерлерди кызматынан бошотуу чаралары көрүлөт, - деди Премьер-министр. Ошондой эле, Мухаммедкалый Абылгазиев жол кырсыктарынын алдын алууда, адам өлүмүнүн санын кыскартууда “Коопсуз шаар” долбоору абдан керек экендигин эске салды. Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу иштери талкууланды.


Новости по дате