http://ktrk.kg/Тынч океандан 40 тонна таштанды чыгарылды

Тынч океандан 40 тонна таштанды чыгарылды

2 Июль , 17:10 759

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экологдор Тынч океандан 40 тонна таштанды чыгарышты. Тазалоо иштери анын Калифорния жана Гавайи бөлүгүндө жүргүзүлдү. Таштандыларды чогултуу үчүн атайын техника дагы тартылган. Эң эле көп желим бөтөлкөлөр, эски оюнчуктар жана балык уулоо үчүн торлордун калдыктары табылган. 

Алардын айрымдары кайра иштетүүгө жөнөтүлсө, басымдуу бөлүгү жок кылынды. Экологдор Тынч океанда жана анын жээктеринде таштанды өтө көп экенин белгилеп, жаратылыш кооптуу абалда болгонуна коңгуроо кагып келет.

Новости по дате