http://ktrk.kg/Соттук-укуктук реформа уланууда

Соттук-укуктук реформа уланууда

2 Июль , 22:51 401

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соттук-укуктук реформанын жыйынтыгына мониторинг жүргүзгөн атайын түзүлгөн эксперттик жумуш тобу аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча Президент Сооронбай Жээнбековго маалымат беришти. Адистер анда кемчиликтерди санап өтүп, реформаны ыкчамдатуу боюнча сунуштары менен бөлүштү.


Соттук-укуктук реформанын жүрүп жатканына жарым жылга чукулдады. Бул аралыкта жетишкендиктер арбын. Бул аракеттерге Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн атайын эксперттик жумуш тобу мониторинг жүргүзүп келет. Жумуш тобунун мүчөлөрү өндүрүштө колдонулуп жаткан мыйзамдар менен Кодекстерди жер-жерлерде колдонулушуна мониторинг жүргүзгөн. Адистер бул иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды Президентке сунуштады.


Жыл башында Кодекстер менен жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Ошону менен бирге кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри да иштей баштады. Бирок адистердин пикиринде ситема толук кандуу иштей элек.

Реформанын алкагында сот системасынын ишин толугу менен автоматташтыруу демилгеси колго алынган. Учурда бул багытта иштер туруктуу жүрүп жатканы айтылды.


Новости по дате