http://ktrk.kg/Жөө күлүк аскер Кайратбек Рапиевдин чуркоосуна эмне себеп болгон?

Жөө күлүк аскер Кайратбек Рапиевдин чуркоосуна эмне себеп болгон?

3 Июль , 10:05 778

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эки күн бою Ысык-Көлдүн түштүк жээгин тынымсыз айланып чуркаган Улуттук Гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиев 2-даражадагы “Аскердик кызматтагы артыкчылык” медалы менен сыйланды. Кайрат алыскы аралыкка чуркоону буга чейин максат кылып келген. Аскердин айтымында, анын эң алыскы аралыкка чуркоосуна Америкалык спортчу Карнаси Дин себеп болгон. Спортчунун видеосун интернеттен көргөн Кайратбек дароо машыгуусун баштаган. Ал аскер кызматкери болгондуктан , чуркоо учурунда эч кандай кыйынчылыктар жаралган эмес. 


Белгилей кетсек, Кайратбек Рапиев алыскы аралыкка чуркоону, 26-июнунда кечки саат жетиде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан баштаган. Тынымсыз чуркоо 2 күнгө созулуп, 28-июнда саат 15:00 дө Чолпон - Ата шаарына келип токтогон. Ал 374 чакырымды 43 саат 55 мүнөт 34 секундда багындырган. Чуркоо учурунда Кайратбекти Улуттук Гвардиянын өздүк курамы жана медициналык кызматкерлер коштоп жүрүшкөн.


Новости по дате