http://ktrk.kg/ӨКМ: үй-бүлөсү менен сууга чөккөндөрдүн экөөнүн сөөгү табылды

ӨКМ: үй-бүлөсү менен сууга чөккөндөрдүн экөөнүн сөөгү табылды

3 Июль , 13:43 4810

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсүн 110 куткаруучу издеп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ал эми Молдакун Абдылдаевдин сөөгү 2-июлда кечки саат сегиздер чамасында, айдоочунун сөөгү ага чейин 17:20да табылган.

"Министр Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасынын негизинде жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү үчүн министрдин орун басары Калыс Ахматов жөнөп кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, кырсык 30-июнда Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Молдакун Абдылдаев, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочусу болгону айтылган. Кызы Индира Абдылдаеванын айтымында, атасы 29-июнда Ат-Башыда апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтчү Суусамырга келе жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, унаа ташты сүзүп алгандан кийин тумшугу менен жардан ылдый сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен кишинин чыкканын, андан кийин баарын суунун шары алып кеткени айтылат.

Новости по дате