http://ktrk.kg/ӨКМ сууга түшүүдө этият болууга чакырат

ӨКМ сууга түшүүдө этият болууга чакырат

3 Июль , 10:13 4938

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондордун саны көбөйүп жатат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга кайрылып, жайкы мезгилде сууга түшүүдө этият болууга чакырууда. Мекеме шар аккан сууга, терең саздарга жана көлмөлөргө түшпөөгө кеңеш берип, сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертти. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 57 адам сууга чөктү. Анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр.

Ушул күндөрү чөнтөк телефондорго балдарды абайлоого чакырган эскертмелер жөнөтүлүп жатат. 2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кырсык көп катталган. Каза тапкандардын 80и адам жай мезгилинде сууга чөккөн.

Новости по дате