http://ktrk.kg/Баткенде арпанын алгачкы оруму башталды

Баткенде арпанын алгачкы оруму башталды

3 Июль , 13:39 4620

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен районунда арпанын алгачкы оруму башталды. Айыл чарбасын өнүктүрүү жана аймактардын тоют базасын чыңдоо, ошондой эле калкты таза үрөн менен камсыздоо максатында Баткен облусунун аймагында 360 гектар жер аянтына арпа себилген. Бул аракеттер Кыргызстанда мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору аркылуу ишке ашырылып, Баткен облусу боюнча 72 тонна арпанын үрөөнү 18 коомдук үрөн фонддоруна акысыз берилген. Себилген арпа үрөндөрү Баткендин шартында канчалык өнүмдүү?

Токсонбай Назаров 30 жылдан бери пайдаланылбай жаткан 20 гектар жер аянтына арпа сепкен. Атайын долбоордун алкагында үрөн жана жер семирткичтер акысыз берилип, техниканын гана кызматына каражат чыгымдаган. Жаз бою кылган мээнетинин акыбети кайтып, ойдогудай түшүм алам деп турган чагы.

Жыйналган түшүм ушул эле айыл өкмөттүн дыйкандарына арзан баада сатылууга тийиш. Анткени, Кыргызстанда мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун алкагында кайтарымсыз берилген үрөндөр 2- репродукция боюнча дыйкандарга жайылтылат.

Облус боюнча 590 гектар пайдаланылбай калган жер аянты болсо анын 100 гектардан ашууну быйыл колдонулду. Негизинен кылкандуу дан эгиндери себилип, кайрадан өздөштүрүү аракеттери көрүлүүдө.

Бул жылга район боюнча 3500 гектар жер аянтына кылкандуу дан эгиндерин айдап себүү пландалган. Бирок, 3800 гектардан ашуун аянтка себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 400 гектар жер аянтына көп айдалды.


Новости по дате