http://ktrk.kg/Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди

Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди

3 Июль , 13:01 644

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан И.С.Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз  ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.


2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.


Азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөзүү үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилди.


Новости по дате