http://ktrk.kg/Исфана шаарындагы таштандыга, күлгө толгон сай жээги

Исфана шаарындагы таштандыга, күлгө толгон сай жээги

3 Июль , 16:24 282

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Исфана шаарындагы Кара-Суу көчөсүндө адамдар жашаган жерден алыс эмес сайдын жээги акыр-чикирге толуп кеткен. Өзгөчө мончодон чыккан таштанды, күлдү сайга төгүшкөндүктөн жагымсыз ыш, түтүндүн жыты жыттанып турат. Акыр-чикирлерден чыккан жыт, өрттөсө түтүн турак жайларды каптап, жаратылышка терс таасирин тийгизүүдө,- дейт автор. 

Шаардыктар тиешелүү жетекчилердин ушул көйгөйдү чечип берүүсүн суранат. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате