http://ktrk.kg/Балага сүйүнчү алуу жеңилдеди

Балага сүйүнчү алуу жеңилдеди

3 Июль , 23:26 881

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балага сүйүнчү алуунун тартиби жеңилдеди. Буга чейин жаңы төрөлгөн бала үчүн мамлекет тарабынан берилчү каражатты алууда бир катар тоскоолдуктар бар экени, көп убакытты талап кылаары айтылып келген. Эми, кайрылуудан эки күн өтпөй каражатты алууга болот.

Эрлан Алымкожоев аз күн мурда экинчи балалуу болду. Сүйүнчү пул үчүн арыз жазып, көп өтпөй эле банктардын бирине келип отурат. Каражат алууда тоскоолдук жаралган жок.

Балага сүйүнчүнүн көп күттүрбөй бериле баштаганы жол-жоболордун жеңилдегенине байланыштуу. Эми туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен бирге акча үчүн да арыз жазууга болот. Калкты тейлөө борборлору менен Жарандык абалдын актыларын каттоо маалыматты дароо Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине берет. Андан ары тизме Финансы министрлигине тапшырылат. Бир сааттын аралыгында банкка акча которулуп, ар бир эсепке бөлүштүрүлгөндөн кийин алуучуларга смс билдирүү аркылуу маалымдалат.

Мындай социалдык колдоону бала төрөлгөндөн тартып алты ай аралыгында алууга мүмкүн. Бул үчүн ата-эненин бирөө эле Кыргызстандын жараны болушу жетиштүү.

Жыл башынан бери алты айдын ичинде 68 миңден ашык бала үчүн мамлекет сүйүнчү берди. Ага 275 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Мындай колдоону алуудан өз ыктыяры менен баш тарткандар да бар.

Жаңы төрөлгөн балага берилүүчү бир жолку каражат төрт миң сомду түзөт. Аны төлөө 2018-жылдын 1-январынан тартып ишке ашырылууда.


Новости по дате