http://ktrk.kg/Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө

Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө

4 Июль , 15:18 982

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандагы корголгон жаратылыш аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө. Бул туурасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекеме мындай билдирүүнү Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөттөрү менен далилдөөдө. 

"Жапайы жаныбарларды көзөмөлдөп, аларга мониторинг жүргүзүү үчүн 2019-жылдын башында коруктун аймагына 10 фотокапкан орнотулган. Эми коруктун бардык тилкесине дагы 10 фотокапкан койдук. Ага ак илбирс, бугу, кескелдирик, кулжалар түшүп калган", — деп жазылат маалыматта.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 105,5 миң гектарга жетет. Анын аймагында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү канаттуулардан тарта ак илбирс, аюу, бүркүт, сүлөсүн, суусарды да кезиктирүүгө болот.
.


Новости по дате