http://ktrk.kg/Баткен облусунда телерадио көрсөтүүнүн сапаты текшерилүүдө

Баткен облусунда телерадио көрсөтүүнүн сапаты текшерилүүдө

5 Июль , 10:22 1097

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн жана республикалык радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү өндүрүштүк бирикмесинин адистеринен турган топ ар бир теле мунараларды текшерүүгө алышты.


КТРКнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Искендер Касымов Баткен районунун аймагында толкундардын таркалуу сапатын дыкаттык менен текшерүүдө. Анткени коомдук каналдын көрсөтүүлөрү өз көрүүчүлөрүнө сапаттуу жеткирилүүгө тийиш. Ошол эле учурда радиотолкундар да угармандарга тунук таралуусу керек.


Телерадио толкундарын элге сапаттуу жеткирүүдө радиорелейлик станциялардын кызматкерлеринин түйшүгү чоң. Ар бир жабдыкты бийик чокуларга ат баспаган жолдордон чыгарышат. Ал эле эмес кандай гана татаал шарт болбосун 2 айда бир ирет текшерип, иштен чыккандарын оңдоп туруу милдети да жүктөлгөн.


Баткен районунун аймагында 12 автоматтык телечагылдыргычтар орун алып, толкундар жетпей калган аймактарга орнотулган. Жергиликтүү бийлик аны сактоо үчүн имарат жана электр энергиясы менен камсыздаганга милдеттүү. Айрым жерде кымбат баалуу жабдыктардын коопсуздугу сакталган эмес.

Новости по дате