http://ktrk.kg/Араван районунда кутурган ит 7 кишиге кол салды

Араван районунда кутурган ит 7 кишиге кол салды

5 Июль , 22:06 4118

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2-июлда Оштогу Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жолбун ит кол салган 7 жаран жаткырылды. Учурда аймакта жолбун иттерди жок кылуу аракети колго алынды.

Жабыркаган 3 аял жана 4 эркек киши Аравандын Нурабад айыл аймагынын тургундары. Анын экөө 14 жашка толо элек балдар. Алардын арасынан 60 жаштагы Рисолатхан Хурбаева көбүрөөк жабыр тарткан. Сол колуна операция жасалып, гипстелди. Жабыркагандардын баары кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өтүп, тийиштүү медициналык жардамдарды алууда.

Болуп өткөн окуя боюнча райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматына кабар берилди. Жолбун иттерди жок кылуу боюнча атайын топ түзүлдү. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору калк арасында үй жаныбарларын кармоодогу эрежелер боюнча түшүндүрүү иштери башталды.

Кыска убакыттын ичинде аймакта 70 жолбун ит атылды. Ошто соңку эки жылдын ичинде кутурма илдетинен эки адам каза тапкан. Мунун бири 19 жаштагы студент болгон. Адистер, үй жаныбарларын жылына бир ирет кутурма илдетине каршы эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөртүп турууна эскертет.


Новости по дате