http://ktrk.kg/Шарджа - Бишкек - Шарджа жаңы аба каттамы ачылды

Шарджа - Бишкек - Шарджа жаңы аба каттамы ачылды

5 Июль , 21:46 1696

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шарджа - Бишкек - Шарджа жаңы аба каттамы ачылды. Эми жүргүнчүлөр "Air Arabia" компаниясынын учагы менен жумасына төрт ирет каттай алышат.

Бириккен Араб Эмирликтеринен Шарджа-Бишкек алгачкы аба каттамы Кыргызстанга 5-июлга караган түнү конду. Аба майданга конгон учакты салтка айланган ырым-жырым менен тосуп алышты. Жаңы каттамдын алгачкы жүргүнчүлөрүн “Манас” эл аралык аэропортунан улуттук кийимчен кыз-жигиттер кыргыз даамы менен каршы алды.

Аба бекеттин ичинде комузчулар да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жүргүнчүлөр алгачкы каттамдын урматына уюштурулган мындай күтүлбөгөн белекке кубанычтарын жашырган жок.

Бул жаңы аба каттамынын ачылышы Араб өлкөлөрүнөн туристтердин келүүсүн көбөйтөт, - дейт Туризм департаментинин башчысы.

Каттамды ишке ашыруучу "Air Arabia" компаниясынын өкүлүнүн айтымында, жаңы аба каттамынын ачылышы эки мамлекеттин алакасын мындан ары да бекемдейт. Эми Шарджа - Бишкек - Шарджа аба каттамы жумасына төрт жолу каттайт. Ошондой эле, жакынкы аралыкта дагы бир канча аба каттамдарын ачуу мерчемделүүдө. 




Новости по дате