http://ktrk.kg/Жол чийими жок жөө адамдарга жолдон өтүү кооптуу

Жол чийими жок жөө адамдарга жолдон өтүү кооптуу

8 Июль , 10:57 239

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Ауэзов менен Учкун көчөлөрүнүн кесилишинде жол чийими жок жөө адамдар кыйналууда. Бул жол өтө кооптуу болуп турат. Унаалар катуу ылдамдыкта өтүшөт. Эмне үчүн жол чийимдери чийилген эмес? Түшүнүксүз. Миңдеген адам жашайт, ушул жолдон өтүшөт. Айла жок унаалардын алдынан чуркап өткөнгө туура келет. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер турат бул жерде, алардан барып ушул маселени сурасам, биздин ишибиз эмес, жол куруучуларга айткыла деп жооп кайтарды,- дейт автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате