http://ktrk.kg/Өзгөн районунун айылдарында жолдорго асфальт төшөлүүдө

Өзгөн районунун айылдарында жолдорго асфальт төшөлүүдө

8 Июль , 11:49 427

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башынан бери, Өзгөндүн Жазы айыл аймагында 2 чакырымдай жолго асфальт төшөлдү. Жол салууга жергиликтүү бюджеттен 9 миллион сом каражат сарпталган. Кара-Дыйкан жана Жээренчи айылдарына оңдолгон жаңы жол - жергиликтүү элге пайдаланууга берилди. 

Жыл соңуна чейин, аймакты райондун борбору менен байланыштыруучу негизги жолду оңдоо пландаштырылууда. Транспорт министрлигинин карамагында турган жолдун 2,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлөт. Жазы айыл аймагында 25 чакырымда ички жол бар. Айыл өкмөтү төрт чоң айылдан турат.

"Эң көйгөй жаратып келген негизги жолубузда бар. Быйыл башталып, 1чакырым асфальт бүттү, калганы жыл соңуна чейин төшөлөт",- деди Жазы айыл аймагынын башчысы Максатбек Ибраимов.



Новости по дате