http://ktrk.kg/Маданият ишмери Марклен Баялинов акыркы сапарга узатылды

Маданият ишмери Марклен Баялинов акыркы сапарга узатылды

8 Июль , 13:15 512

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мурдагы маданият министри Марклен Баялинов акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнатына маркумдун жакындары, маданият ишмерлери жана бийлик өкүлдөрү катышты. Баялинов советтик доордо Опера жана балет театрын, Кинематография комитетин жетектеген. 1985-1989-жылдары Кыргыз ССРнин Маданият министри кызматын аркалаган. Ал белгилүү жазуучу, кыргыз совет адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири Касымалы Баялиновдун уулу.

“Сооронбай Шарипович жакындарыңызга айткан көңүл айтуусун жеткириш үчүн ушул жерге келип отурам. Бул инсан маданиятты түшүнгөн, маданият үчүн күйгөн адам эле”,- дейт КРдин Президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев. 


Новости по дате