http://ktrk.kg/ЖОЖго абитуриенттерди кабыл алуу башталды

ЖОЖго абитуриенттерди кабыл алуу башталды

8 Июль , 15:20 2914

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

8-июлда Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, эки күн бою талондор кабыл алынып, 11-июлда экземенге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат. 

Экинчи тур 15-июлда башталып, 20-июлда жыйынтыкталат. Ал эми үчүнчү тур министрликтин уруксаты менен 22-27-июлда өтөт. Быйыл республика боюнча 2 миң 262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң уландар менен кыздар аяктады.


Новости по дате