http://ktrk.kg/Таза сууну үнөмдүү пайдаланбаган жарандарга айып пул салынат

Таза сууну үнөмдүү пайдаланбаган жарандарга айып пул салынат

8 Июль , 23:24 1070

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жер үйдө жашагандардын ичүүчү суусун коромжу урунганынын натыйжасында, көп кабаттуу үйлөргө суу барышы кыйындап жатат. 

Мындан улам ичүүчү сууну үнөмдөп пайдаланууга чакыруу максатында тынымсыз рейд жүргүзүү муктаждыгы келип чыкты. 

Бул жолку текшерүү иши Бишкектин Биринчи май районунда жүрдү. Алгачкы эле коңгуроосу басылган үйдөн, чаламандын чак түшүндө ичүүчү таза суу менен гүлдөр сугарылып жаткан учурдун дал үстүнөн чыктык. Кожейке үйдө жок эле деген чоң кыз, сугаруу иштерин кайсыл убакта жүргүзүү керектигин маалымдаган кагазды окубаптыр деле.

Мындай текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен, ичүүчү таза сууну түрдүү максаттарга пайдалангандарга 5 000 сомго жакын айып салынат. Эгер жагдай дагы деле кайталана берсе, суу берүү токтотулат.

Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынын эрежеси боюнча бакчаны сугарууда түнкүсүн саат 12 ден таңкы 6 ге чейин гана уруксат берилет. 

Жаз келгенден тарта Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды ичүүчү таза сууну үнөмдүү колдонууга чакырган дал ушундай иштер күч алат. 

Бишкек суу канал ишканасынын маалыматы боюнча жыл сайын шаарга 114 млн чарчы метр суу берилсе анын жарымы максатсыз пайдаланылат.



Новости по дате