http://ktrk.kg/ЖЭБ боюнча соттук териштирүү уланды

ЖЭБ боюнча соттук териштирүү уланды

9 Июль , 9:59 870

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук териштирүү уланып жатат. 8-июлда күбөлөр суралды. «Электр станциялары» ишканасынын директорунун каржылык-экономикалык маселелерге жооптуу орун басары Аскар Кайбалиев ар бир документ кол коюлар алдында тиешелүү текшерүүдөн өтөрүн билдирди. 

Бул иш боюнча учурда УКМКнын тергөө абагында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, «Электр станцияларынын» мурдагы башчысы Салайдин Авазов, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана дагы башка бир катар адамдар олтурат. 

Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Алар өзүлөрү күнөөсүз экенин айтып жатышат. Ишин кароо Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.


Новости по дате