http://ktrk.kg/Учкун-2 конушунун тургундары таза сууга суусап турат

Учкун-2 конушунун тургундары таза сууга суусап турат

9 Июль , 11:24 143

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азыркы учурда айыл аймактарда таза суу маселеси өтө курч абалда турат. Ушул эле маселе менен Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Учкун-2 жаңы конушунун тургундары "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн.

Президенттин бүткүл айыл жерлеринде таза суу чыгарылсын деген буйругу аркылуу суу чыккан жердин астынан. Эми ошону көчөлөргө тартыш керек. Бир жыл болду турат тартылбай. Суу жок Дача Судан ташып ичебиз. Кир жуубайбыз. Балдар ооруйт таза суу жок. Кышта тайгылчак сууктан суу ташый албай, жазда ысыктан кыйналып жатабыз. Бул биздин айылда 800гө жакын жашоочулар жашайт. Өкмөттөн акча бөлүнгөн кайда кетти билбейбиз. Чоңдор биздин үнүбүздү укпай жатышат. Өтүнөбүз бизге келип бир жолугуп кетиңиздерчи. Ким келсе Манас аэропорттон тосуп алышат. А биз ошол жолдун астында жашайбыз. Азыр болсо тосмо куруп салган. Тосмонун ичинде жашоо кечирип жатабыз. Транспорт маселеси да чечилбей келет. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате