http://ktrk.kg/Балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жаңы ойноо аянтчасы курулду

Балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жаңы ойноо аянтчасы курулду

9 Июль , 14:22 3870

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Эркиндик гүлбагы менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине балдар үчүн жогорку сапаттагы материалдан жасалган ыңгайлуу жана коопсуз жаңы ойноо аянтчасы курулду. Жакында борбор калаада балдарга арналган мындай аянтчалардын саны дагы толукталмакчы.

Балдар үчүн аянтча дайыма эл көп топтолуп, сейилдеп эс ала турган Эркиндик гүлбагына курулду. Аянтчанын жалпы аянты 288 чарчы метрди түзөт. Ал жерде экологиялык жактан таза материалдан жасалган селкинчек сыяктуу балдарга арналган жабдуулар жана отургучтар орнотулган.
Ал эми 1-май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков болгону шаардыктар аянчага аяр мамиле кылып, балдардын эс алып ойноосуна арналган ыңгайлуулукту сезе билишсе деген пикирде. Аянтчанын ачылып жатканына балдар гана эмес, ата-энелер да кубанычта экендиктерин жашырышкан жок. Жакын арада Эркиндик гүлбагына мындай аянтчаларды салуу дагы улантылмакчы. 





Новости по дате