http://ktrk.kg/Абитуриенттер үчүн окуу жайды тандоого жардамчы сайт ачылды

Абитуриенттер үчүн окуу жайды тандоого жардамчы сайт ачылды

9 Июль , 15:38 3286

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн сайт ачты. Министрликтин маалыматына караганда, бул сайт абитуриенттерге жогорку окуу жайды тандоосуна жардам бермекчи. 

"www.university.edu.gov.kg сайты "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында ачылды. Бул порталга учурда иштеп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлардын тизмеси жана шарттары жазылган. Муну менен катар университет менен байланышуу үчүн телефон номерлер дагы бар.

Новости по дате