http://ktrk.kg/Чарбакта элдик демилге менен таза суу киргизип жатышат

Чарбакта элдик демилге менен таза суу киргизип жатышат

9 Июль , 15:38 212

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен районунун чек арадагы Чарбак айылына элдик демилге менен сугат жана таза суу алып барууну колго алышты. 2 км узундуктагы суу түтүктөрү орнотуш керек болсо, анын 500 метрин эл өзү жасап 10 күндөн бери ашар жолу менен ишти аяктап калышты. Калган жардамды бийлик тараптан күтүп жатышат. Эгер бул суу түтүгү бүтпөй калса чек арадагы эл көчүп миграция дагы күчөйт. Бул жасаган иштерибиз айылды жана чек араны бекемдөөнүн бирден бир жолу. Колдо көрсөтүлүп, каржат бөлүнүп берилсе,- деген Чарбак айылынын тургундары мамлекет тараптан жардам күтүп жатышат. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате