http://ktrk.kg/«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдун бир бөлүгү Тез жардам кызматына которулат

«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдун бир бөлүгү Тез жардам кызматына которулат

9 Июль , 17:44 3128

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунан төрт айдын ичинде бюджетке 145 миллион сом түштү. Муну өкмөттүн маалымат кызматы таратты. Белгилей кетсек, эреже бузуудан түшкөн айып пулдарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизилип, тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

Ага ылайык, тийиштүү тараптарга каражат бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат. Ал каражат тез жардам унааларын алууга, медициналык жаңы станцияларды ачууга, керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалмакчы. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден кийин төрт айда 26 414 айдоочунун эреже бузганы аныкталган. Анын ичинен 42 пайызынан 145 миллион сом түштү.


Новости по дате