http://ktrk.kg/Жарандардын президентке болгон кайрылуусу жоопсуз калбайт

Жарандардын президентке болгон кайрылуусу жоопсуз калбайт

9 Июль , 20:58 410

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы алты ай ичинде президенттин атына келип түшкөн кайрылуулардын саны 8 миңден ашты. Анын басымдуу бөлүгүн Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан келген арыз, дооматтар түзүп, жарандар көбүнесе сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын, аны менен катар аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине даттанышкан. Карапайым калк өз көйгөйлөрүн өлкө башчысына аймактарда өткөн жолугушууларда да жеткиришүүдө.



Карапайым калк менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөө аракетине өлкө башчысы өзү үлгү болуп берүүдө. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден тарта өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургандардын көйгөйүн жеринде угуп келе жатат. Өткөн аптада Баткен облусунун жашоочулары аймактагы чек ара чырларынан тартып, социалдык маселелерге чейин айтып беришти.

Баткен облусу бир гана мисал. Буга чейин өлкө башчысынын Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында да президенттин жеке көзөмөлүнө ала турган иштердин көп экени анык болгон. Жашоочулар болсо көйгөйлөр жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилбей жатканына нааразы.

Бул президенттин жеринде барып уккандары гана. Мындан сырткары карапайым калктан миңдеген кайрылуулар кат жүзүндө келет. 2019-жылдын алгачкы алты айында президенттин атына 8120 кайрылуу түшкөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу сандар бир аз азайганы менен, жалпы көрсөткүч көйгөйдүн көп экенине кабар берип турат.






Новости по дате