http://ktrk.kg/Ысык-Көлдө кичи автобус оодарылып, жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышты

Ысык-Көлдө кичи автобус оодарылып, жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышты

10 Июль , 11:48 863

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

9-июль күнү болжол менен саат 16:45 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. 

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, кичи автобустун айдоочусу Түп районунун 1965-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Ал Түп айылынан Ош облусунун Ноокат районуна кудага барып, кайра кайтып келе жатканда уктап кеткен жана унаа жолдон чыгып, оң капталы менен оодарылып калган. Кичи автобуста 15 жүргүнчү болгон, алардын ичинен төртөө өспүрүм. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алып, тез жардам кызматы тарабынан медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

ЖКККБнин кызматкерлери кичи автобусту тургузуп, жүргүнчүлөрдү башка унаага салып, үйлөрүнө жөнөтүшкөн. Ошондой эле жаракат алгандарга алгачкы медициналык жардамды жаңы түзүлгөн туристтик милициянын кызматкерлери көрсөткөндүгү белгилүү болду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, алар кызматтык иш сапар менен Ысык-Көл облусуна бара жатышкан.


Новости по дате