http://ktrk.kg/ЖЭБ боюнча сот отурумда Маматмуса  Укубаев  суралууда

ЖЭБ боюнча сот отурумда Маматмуса Укубаев суралууда

10 Июль , 14:43 453

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бишкек  шаарынын  Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук  борборун   модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат.

 Отурумда  «Электр  станциялары»  ишканасынын  тышкы байланыштар бөлүмүнүн  мурдагы  башчысы  Маматмуса  Укубаев  суралууда.

 

 Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген. Мындан улам, мурдагы   премьер-министрлер  Сапар Исаков  менен  Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы  жетекчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы   башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук  борборун  модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы  финансы министри Ольга Лавровага кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Новости по дате