http://ktrk.kg/Жаш жигитке жасалган уникалдуу операция

Жаш жигитке жасалган уникалдуу операция

10 Июль , 23:18 5243

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүтүндөй өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган чыгаан инсандарыбыздан азыр дагы уучубуз куру эмес. Алардын бири белгилүү ортопед, профессор Сабырбек Жумабеков. Алтын колдуу дарыгер 4 жылдан бери буту шишип кыйналган бейтапка акысыз операция жасап, ажалдан арачалады. 

Баткен жергесинен келген Сүймөнкул Кожоевдин тизесиндеги сөөктөрү менен муундары ичинен жарабай калган. 4 жылдан бери кыйналып, чыдабай айласы куруганда атактуу ортопед, академик Сабырбек Жумабековго келген. Миңдеген оорулууга шыпаа берген өмүр сакчысынын жеңил колунан айыгып кетем деген үмүтү бар.

Көбүнчө чет өлкөлөрдө жасалуучу мындай операциялар Кыргызстанда сейрек гана жасалат. Жылына ашып кетсе 10 жолу.

Ден-соолуктун баркын жакшы билем. Ар бир адам алты санынын амандыгына кубанып, өздөрүн жаман оорулардан алдын-ала сактанып жүрсө деген тилектерин айткан бейтаптын бутун операция кылууга 10го жакын дарыгер катышты. Далай операцияларды жасап тажрыйбасы мол болгон ак халатчандар ар бири өз ишин мыкты аткарып, академик, Сабырбек Жумабековдун ишин женилдетип жатышты.

Рак оорусу залалдуу жана залалсыз болуп экиге бөлүнөт. Залалдуу шишик залалсызга караганда бат өскөндүктөн аны дарылоо кыйын. Ал эми залалсыз шишикке кабылгандардын дээрлик 95 пайызы толук сакайып кетишет.

Бейтаптын тизесинин ичине салынып жаткан заманбап тетиктердин баары Түркиядан алынып келинген.

Миңдеген оорулууга шыпаа берген даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабеков ден-соолук бул биринчи байлык. Андыктан адамдар оз омуруно кайдыгер болбой, ден-соолугуна кам корсо деп кенеш берет.



Новости по дате