http://ktrk.kg/Беш-Күнгөй: электр түркүктөр менен чубалгылар кооптуу абалда

Беш-Күнгөй: электр түркүктөр менен чубалгылар кооптуу абалда

11 Июль , 11:36 229

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында электр түркүктөр жана электр чубалгыларынын эскилиги жетип, авариялык абалга келип калган. Бул тууралуу Беш-Күнгөй айылынын тургуну видео тартып жиберген.

Мынтип тургандарына канча болду. Айыл өкмөткө кат түрүндө кайрылганбыз, макул караштырып жатабыз деген. Бирок андан бери жарым жыл өттү жыйынтык жок. Чубалгылар ылдый түшүп калган, жаш балдардын колу жетет. Таяктар менен илип ойношот балдар. Бул электр түркүктөр менен чубалгылары совет мезгилинен бери алмаштырыла элек.Электр түркүктөр кулаганы турат. Эмне сөзсүз эле кырсык болгондо гана карашабы? - деп ачууланган окурман видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате