"Артыңда туяк калтыргың келсе, врачка кайрылып турууну унутпа" - Илияс Эратов, уролог-андролог
Элибизде "сүйүү оорулары" тууралуу сөз кылуу уят болуп саналат. Бирок "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген кеп турмуштук тажрыйбадан алынганын унутпасак. Акыркы жылдары Кыргызстанда тукум улоого жөндөмсүз болгон мырзалар арбыганы көз жаздымда калып келет. Венерикалык ооруларды жуктуруп эле тим болбостон, аны башкаларга да жуктуруп, өз маалында дарыгерге кайрылбай өнөкөткө айландырып алуунун натыйжасында тукумсуздук дартына чалдыккан эркектердин көбөйүүсү, коомдун көмүскөдөгү чоң көйгөйү болуп калды. Айрымдары буга кайдыгер караса, башкалары "дарт өз алдынча жок болуп кетет" деген түшүнүктө жашайт. Дал ушул багытта врач уролог-андролог Илияс Эратовду кепке тарттык. Ал бизге урологиялык оорулар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
Биринчи байлык ден соолук
Заара чыгуучу түтүкчөдө инфекциялардын пайда болушу менен урологиялык оорулар пайда болот. Мисалы, пиелонефрит, простатит, везикулит, орхит, орхоэпидидимит жана башка ушул сыяктуу оорулар бар.
Акыркы кездери пиелонефрит оорулары, бөйрөк таш дарты жана эркектердин өнөкөт простатити көп каттала баштады. Эгерде болжолдуу статистикага таянсак, баардык дарттардын ичинен 13 пайыздайын урологиялык оорулар түзөт экен.


Жеке тажрыйбамда, айрым оорулардын жашарганына күбө болуудамын. Жашарганы дегеним, мурун жаш курагы өтүп калган адамдар чалдыккан дарттар менен азыркы тапта жаштар ооруп жатат. Мисалы, простатит. Урологтун эшигинде кезек күтүп отурган пациенттердин көбү дал ушул простатит оорусу менен азап чеккендер.
Алардын көбү жаштар. Арасында өспүрүм балдар да бар. Кээ бирлери суук тийгенден улам ушул илдетке чалдыкса, башкалары инфекция жуктуруп алгандар. Белгилей кетейин, жаштардын көбү жыныстык жол менен жугуучу инфекциянын айынан простатит оорусуна кабылгандар.
Простата безинин негизги милдети
Простата бези тукум улоого салым кошуучу орган. Простатанын негизги милдети, атайын суюктук бөлүп чыгарып, эрекектердин сперматозоиддеринин кыймыл аракетин, активдүүлүгүн кармап тура турган без. Дал ушул тырмактай болгон без жабыркаганда, простатит дарты келип чыгат.
Простатит дартынын себептери көп. Жалпылап айтканда, инфекция, вирус, суук тийиши, аз кыймылдуулук, иммунитеттин төмөндөшү ж.б.

Стресс жана иммунитеттин төмөндөп кетиши, инфекциялардын тез жугушуна өбөлгө түзөт.
Түшүнүктүү болушу үчүн айта кетейин, ангина, бронхит, тери, тиш ооруларынын кесепетинен да простата бези жабыркап калышы мүмкүн.
Экинчиден, жыныстык жолдор аркылуу жугуучу дарттар: гонорея, трихомонада, сифилис, герпестин вирустары, цитомегавирус, кандида грибогу, хламидий – булардын баары эркектерде урологиялык ооруларды козгойт.
Бирок простатитти бир эле инфекциялар эмес, суук тийгизип да сезгентип алышы мүмкүн. Мындан тышкары кыймылсыз олтуруп иштегендерде кан айлануусу начарлап, безде кан уюп калат. Жыйынтыгында простата оорусу пайда болот.
Ошондой эле стресс жана иммунитеттин төмөндөп кетиши, инфекциялардын тез жугушуна өбөлгө түзөт.
Эске тутуп ал!
Жогоруда айтып өткөн инфекцияларды өз маалында дарыласа тез айыгат. Өнөкөткө айланып кете турган болсо, азабын пациент өзү эле тартат.
Простатит дартынын негизги белгилери
Эгер эрекек адам тез-тезден дааратканага чуркай берсе, чат тарап тез тердеп кайра муздап ооруганы байкалса дароо дарыгерге кайрылышы кажет. Жүрө берсе өнөкөт дартка айланып, тукумсуздук оорусу пайда болуу коркунучу жаралат.
Бул дартты дарылоо үчүн уролог адегенде оорунун себебин аныктайт. Ал үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн жана УЗИнин жыйынтыгына жараша так диагноз коюуп, ошого жараша дарылоо иштери жүргүзүлөт.
Баарынан жакшысы, оорунун өзүн дарылоо эмес, аны алдын алганды билүү маанилүү. Баш аламан жыныстык жашоону токтотуп, жарандар сактанганды билиши кажет. Мына жакында эле медиктер тарабынан Бишкектеги текшерүүнүн жыйынтыгында 5 адам ВИЧ илдетин алып жүргөндүгү аныкталды. Жарандарыбыз жыныстык жол менен жугуучу оорулардын канчалык коркунучтуу экенин, жана ал жаркын келечегибизге терс таасирин тийгизерин түшүнүп, олуттуу мамиле кылышы абзел.
Денеге ашыкча оорчулук келтирүүдөн сак бол!
10 жылдан бери өлкөбүздө спорт менен машыгып, анын ичинде оор атлетика менен алек болгон жарандар көбөйдү. Спорт ден-соолукка пайдалуу, бирок анын да чеги болот. Денеге ашыкча оорчулук келтирүүнүн жыйынтыгында варикоцелле дартына чалдыккан жаштар да арбыды. Алардын көбү убагында врачка келбей жүрө беришип, өтүшүп кеткенде кайрылышат. Негизи эле эркек адам ден-соолугуна кайдыгер карайт. Андыктан жигиттерге айтарым, артыңда туяк калтыргың келсе, врачка кайрылып турууну унутпа.

Жеке практикамда, эркек адам тукум улоого жөндөмсүз болуп, медицина жардам бере албай турган абалга жеткен жаш пациенттерди көргөм. Алар өз маалында врачка кайрылбай, убакытты уттуруп жибергендер. Андыктан жалпы мырзаларга айтарым, жок дегенде жылына 1 жолу уролог-андрологко кайрылып, бир сыйра текшерүүдөн өтүп тургула. Башкага кайдыгер карасаңар да, жеке ден-соолугуңарга кайдыгер карабагыла.
Made on
Tilda