http://ktrk.kg/Нарында мөндүр аралаш катуу жаан жаады

Нарында мөндүр аралаш катуу жаан жаады

11 Июль , 16:14 408

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, 10-июль күнү Нарын шаарында мөндүр аралаш катуу жаан жаады. Жаан өтө катуу жаагандыгына байланыштуу көчөдө сел жүрүп карапайым элдин үйлөрүн суу каптады. Шаардын мэриясына Таалай көчөсүнүн жашоочулары бир нече жолу кайрылышкан, бирок жыйынтык жок,- деп кайрылган айыл тургуну. 

"Элдик репортерго" Нарын шаарынын тургундарынан көп билдирүүлөр келип түштү алардын арасында Ленин көчөсүнүн тургундарынын үйлөрүн да суу каптаган. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18


Новости по дате