http://ktrk.kg/Жалал-Абад: кырсыкка себепкер жолдо тротуар жок

Жалал-Абад: кырсыкка себепкер жолдо тротуар жок

11 Июль , 15:43 232

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи районунун Олимпийский көчөсүндө тротуар жок. Ушул көчө менен балдарыбыз мектепке, бала бакчага барып келишет. Унаалар да көп каттайт бул жол менен. Балдарыбыздын коопуздугуна кабатыр болобуз. Кечээ эле ушул жолдон мектеп окуучусун, оор жүк ташыган унаа сүзүп кетип, ошол жерден кыз каза болуп калды. Жергиликтүү бийликтен суранат элек, тезинен ушул маселени чечип, жок дегенде жолдун бир тарабына тротуар салып беришин,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате