Өнөрү өчпөс Гапар Айтиев
Кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы менен улуу адамдардын аты байланган. Алардын бири өзгөчө орунду ээлеген, өмүрүн сүрөткө, боёкторго арнаган чебер сүрөтчү Гапар Айтиев.
Айтиев Гапар Айтиевич (1912-1984)
Айтиев Гапар Айтиевич 1912-жылы 28-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган. 1932-жылы Фрунзе агартуучулук институтунун бүтүрүүчүсү болгон. 1932-1934-ж Жалал-Абад педагогикалык окуу жайда сабак берип иштеген. Москва көркөм окуу жайында 3 жыл окуп, орус жана дүйнөлүк искусствосунун классиктери менен таанышкан. Ошол убакыттарда П.И.Петровичевден сабак алып, көп нерсеге үйрөнгөн. Петровичев кыргыз сүрөтчүсүнө түстөрдү, кооздукту сезүүгө түрткү берген.
Айтиевдин талантын түзүүдө Н.П.Крымовдун эмгеги зор
Аны менен сүрөтчү өңдөрдүн тонун ачууга, жарыкты берүүнү үйрөнгөн. Крымов ар бир сүрөттө жасалып жеткендикке жана деталдарга көңул бурган. Мунун баары Айтиевге оңой жана жан дүйнөсүнө жакын болгон нерселер эле. 1934-ж баштап СССРдин Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Ушул эле жылы биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсүнө "Атанын портрети", "Колхоз катчысы Имангазы", "Түштүк кызы" деген портреттери менен катыша алган. 1941-1945-ж Улуу Атамекендик согушка катышкан.
Сүрөтчү пейзаж тартып 70-жылдардын экинчи жарымында көп фигуралык композицияга өткөн.
Гапар Айтиев сүрөттө бир гана жанр менен чектелген эмес. Ал Кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун тарыхында пейзаж, сюжеттик-тематикалык сүрөттөрдү, портрет, монументалдык скульптураларды да жасаган. Бирок өзгөчө болуп пейзаж аркылуу эстетикалык сулуулукту таба алган, ички дүйнөсүн чагылдырган.

Көлдөгү кайык (1939)
Анын пейзаждык сүрөттөрү, этюдтары кыргыздын жаратылышынын эпикалык мүнөзүн, өңүн жана ошондой эле автордун ой-жүгүртүүсүн баяндайт. Түстөрдүн бири бири менен айкалышып, гармонияда болуусу сүрөтчүнүн жашоого болгон сүйүүсүн көрсөтүп турат. Мындай пейзаждар менен Айтиев дүйнөдө адам жана жаратылыш бир мыйзам, ритмге баш ийерин аныктап, башкалар көрбөгөн сулуулукту даңазалайт. Сүрөтчү пейзаж тартып 70-жылдардын экинчи жарымында көп фигуралык композицияга өткөн.
Гапар Айтиев сезимтал сүрөтчү болгон
Айтиевдин эмгектеринде кыргыз интеллигенциясынын портреттери да арбын. Ал сүрөттөрдүн ар биринин өзүнүн маани-мазмуну бар. Мисалы, Алыкул Осмоновдун портретинде терезеден түшкөн жарык көзгө учурайт. Жарыкка чулганган акын ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, ойго батып, бир нерсеге кабатыр болгонсуп отурган көз карашын баса белгилеп тарткан.
"Фронттон кат" сүрөтү Айтиевдин эң мыкты чыгармаларынын бири болуп саналат. Өзгөчө согуш темасына байланышкан сүрөттөр көп болгон, бирок Айтиев мында кыргыз элинин башкалардан өзгөчө турмушун көрсөтө алган. Бир сөз менен айтканда, анын сүрөттөрү "кыргыз жыттанып" турган.
Москвада өткөн Кыргызстандын көркөм сүрөтчүлөрүнүн конференциясында С.А.Чуйков "Фронттон катка" жогору баасын берген. Ал өз сөзүндө, сүрөткө жан киргизип, адамга эмоцияны козгогон сезимдерди тартуулай алган Гапар Айтиевди мактап өткөн.
Гапар Айтиев чыгармачылыгынын алгачкы кадамдарында Кыргыз театралдык спектаклдерди жасалгалаган. Мындан тышкары, Фрунзедеги Токтогул Сатылгановдун, Нарындагы Жукеев-Пудовкиндин айкелинин автору.
Айтиев бир гана өзүнүн чыгармачылыгы менен эмес, коомдук ишмер катары дагы Кыргыз советтик көркөм өнөр искусствосуна чоң таасирин тийгизген.
Гапар Айтиев
1940-1941-жж, 1944-1968-жж Кыргыз сүрөтчүлөр союзун жетектеп, жаш сүрөтчүлөрдү окутуп, көркөм сүрөт өнөрчүлүктүн бардык жанрларын өнүктүргөн.
1940-1957-ж СССР сүрөтчүлөр союзунун түзүүчү комитетинин төрагасы болгон. 1946-ж тартып Кыргыз СССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.1967-ж Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Президиумунун мүчөсү болгон. 1977-ж баштап СССР сүрөтчүлөр Академиясында жетекчилик кылат.
Алган наамдары: Гапар Айтиев "Ленин" ,"Эмгек Кызыл Туу" жана "Ардак белгиси" ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган. ССРдин Эл сүрөтчүсү наамына да ээ болгон.
1984-ж көз жумган.
Made on
Tilda