http://ktrk.kg/Ооруканадагы кезек күтүү жаш балдарды кыйнады

Ооруканадагы кезек күтүү жаш балдарды кыйнады

12 Июль , 13:21 430

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чыдамы кетип, кезек талашып, жаш балдары менен урушкан ата-энелер. Мындай көрүнүш Жал кичи районундагы балдар ооруканасында күнүгө кайталанат. Кыргызстандын булуң-бурчунан катуу ооруп келген жаш балдарга шарттар качан түзүлөт?

Эмнеге ушундай чоң ооруканага бирден эле кабинет каралган.  Лор, невропатолог, окулист, рентген ж.б. кабинеттерине кезек күткөн ата-энелердин саны арбын. Жаш, эмчектеги балдардын ыйлаганын угуп, чыдай албайсың. Элдин тыгынынан балдарыбыз кайра ооруп жатышат. 8.00до деген врач шашпай 8.30 келди. Ар бир дарыгерге экиден кабинет берилсе, тез кабыл алышмак. Бир врач кечке чейин кантип, 25 жакын талон алып, калгандары талону жок 30-35 үмүт кылып, алыстан келдик эле талон жетпей калды, балабызды бүгүн көрсөтпөсөк температура болуп кыйналып жатат -дегендер көп. Мындай көрүнүшкө кабылып, ансыз да чөгүп турган маанайды чөктүрөт,- деген автор билдирүү калтырган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате