http://ktrk.kg/Нарында эки тоо текени атып, союп жаткандар кармалды

Нарында эки тоо текени атып, союп жаткандар кармалды

12 Июль , 16:20 805

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарында эки тоо текени атып, союп жаткан жеринен эки тургун кармалды. Тактап айтканда, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Нарын районунун Көк-Торпок жайлоосуна барып, шектүүлөрдү көрүшүп, алардын үйүн тинтүүгө алышкан. 

Жыйынтыгында эки жапайы жандыктын эти чыккан. Эми бул мыйзамсыз мергенчилерге өкмөттүн токтомуна ылайык ар бирине 100 миңден айып салынат.

“Буларды Кашка-Суу коктусунан атып келишиптир. Биз аларды шекшип барып дароо эле таап чыктык”,- дейт Аңчылык кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Белеков. 

Новости по дате