http://ktrk.kg/Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу эл аралык деңгээлде талкууланды

Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу эл аралык деңгээлде талкууланды

12 Июль , 0:26 553

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Республикада суу ташкындоо, сел коркунучтарын алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бир топ аракеттер көрүлүүдө. Алты ай аралыгында 311 объектиде жээк бекемдөө, сел каналдарын тазалоо иштери аткарылды.

Жакында эле Аксы районунун  Жаңгак, Мундуз, Таш-Жар айылдарында жана Нарын шаарында болгон суу ташкындары абанын температурасынын жогорулап күндүн ысышынан же мөңгүлөрдүн эришинен эмес, катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болгон дейт Өзгөчө кырдаалдар министри. Айтымында, аймактардагы абал азыр толук көзөмөлдө.  

Сактыка кордук жок деп, канча аракеттер кылынса да, болбой эле жергиликтүү деңгээлде селдер катталууда. Кээ бир үйлөрдүн  огороддорун, жер төлөөлөрүн   суу каптап, аларды жериндеги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  жокко чыгарууда. Негизи эле жаз, жай мезгили кооптуу. Андыктан  сел, суу ташкындоо коркунучун алдын-алуу максатында  Өзгөчө кырдаалдар  министрлиги  жыл сайын атайын иш-чараларды мерчемдеп турат. Учурда 311 жерде  жээк бекемдөө, сел жүргөн каналдарды тазалоо иштери аткарылды.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу, айрыкча чек аранын алдында болгон чукул кырдаалдарды жөнгө салуу иштери эл аралык деңгээлде чечилүүдө. Бул максатта борбор калаада “Борбордук Азия жана Япония” деген аталыштагы регионалдык форум өтүп, ага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлери катышты.

Көйгөйлүү, маанилүү маселелерди көтөргөн жыйындын жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдардан сактануу үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен биргеликте иш алып барууну күчөтүү зарылдыгына басым жасалды.


Новости по дате