http://ktrk.kg/Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык улан сууга чөгүп каза болду

Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык улан сууга чөгүп каза болду

15 Июль , 15:38 2590

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиянын Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык улан сууга чөгүп каза болгондугун  «Новости Красноярска» басылмасы жазды.  Маалыматка ылайык,  окуя   аймакка  жумуш боюнча барган кыргызстандык жигиттер эс алып жатканда болгон.

Алардын бири  18 жаштагы жигит дарыядан сүзүп өтүүгө аракет жасап, бирок аны суу агызып кеткен. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк жаш жигиттин денеси жээкке чыгып, аны эс алуучулар тапканы тууралуу маалымат түшкөн.

Новости по дате