http://ktrk.kg/Тамчы айылында эс алуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда

Тамчы айылында эс алуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда

16 Июль , 9:43 2130

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдө көл жээгиндеги жана айыл ичиндеги тазалыкты камсыз кылуу максатында элүү төрт таштанды челектери коюлду. Кошумча желим бөтөлкө салынуучу контейнерлер орнотулду. Учурда Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында эс алуучулардын саны өстү. 

Мындан улам, аймакта коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, көл жээкте алты куткаруучу көзөмөл кылууда. Алардын үчөө быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын суучулдар мектебинен окуп келишкен. Мындан сырткары элдик кошуундун мүчөлөрү иш алып барууда. Тамчы айыл аймагындагы суу жээги бир жарым чакырымга созулган.

"Бүгүнкү күндө алты куткаруучу иштеп жатат. Буга үч бийиктиктер орнотулуп берилген. Тазалык маселеси да колго алынып үч маал тазалап кеткенге аракет кылып жатабыз. Себеби, эс алуучу абдан көп. Таштанды челектерин алып келип койдук. Тазалыкка өзгөчө көңүл бурбасак болбойт да. Мындан сырткары, коопсуздук маселеси биринчи орунда",- деди Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эсенгулова.

Новости по дате